Бишкек шаарынын мэриясынын "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жана "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧКсы менен биргеликте коомдук транспортту "Менин шаарым" мобилдик тиркемесине жана Бишкек шаарынын мэриясынын e-meria.kg. порталына кошумча алып чыгуу боюнча иш жүргүзүштү.

Эми "Автобус" бөлүмүнөн шаардыктар жана борбор калаанын коноктору мурда бар болгон автобустардан тышкары №№ 2, 9, 10, 11, 12, 17, 21, 34, 41, 46, 360 коомдук транспорттун жүрүүсү боюнча кошумча маалымат ала алышат.

Кошумча функцияны колдонуу үчүн тиркемени жаңыртуу же жаңы колдонуучулар үчүн Play Market кызматынан төмөнкү шилтеме аркылуу жүктөп алуу керек: play.google.com

App Store iOS үчүн шилтеме: apps.apple.com

Мобилдик тиркемеден  тышкары, e-meria.kg порталда e-meria.kg/transport-map шилтеме боюнча, "Коомдук транспорт" бөлүмүнөн каалаган каттамды (автобустар, троллейбустар, кичиавтобустар) тандап, коомдук транспорттун жүргөн жерин байкоого болот.