Биринчи май районун аймагында «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан Мыскал көчөсү Мидин көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки аралыкта курулуш иштери жанданды.
Аба -ырайынын ыңгайлуу шартында унаа жолунда өндүрүштүк иштер эки күндүн ичинде аяктайт. Андан соң жөө адамдар өтүүчү тротуарды жана көпүрөнү куруу иштерин улатабыз.
Мыскал көчөсүн бойлой Мидин көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки жолдун жалпы узундугу 1600 погондук метрди түзүп, жол тротуарлар жана ирригация тутумдары менен эки тарабынан камсыздалган.