«Кабар» кыргыз улуттук маалымат агенттигинде «Таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу» деген темада маалымат жыйыны өттү.

Маалымат жыйындын катышуучулары – «HDT Impex» компаниясынын ээси жана жетекчиси - Ярослав Вебр, «Fendi Capital» инвестициялык фондунун төрайымы - Камила Данишова, «ReGreen Asia» компаниясынын юристи, Словакиянын таштандылар боюнча мыйзамынын автору - Мариан Бошанский, Чехиянын Кыргызстандагы Ардактуу консулу - Марат Жаанбаев, жана Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин директору - Молдокулов Курманбек журналисттерге «Катуу коммуналдык калдыктарды башкаруу системасын реформалоо» долбоору (I этап) тууралуу айтып беришти.

Таштандыларды кайра иштетүүчү заводду жана биокомпосттоо линиясын куруу кирүүчү катуу коммуналдык калдыктардын 80%га чейинкисин кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет. Заводдо кабыл алуу жана сорттоп, бөлүштүрүү бөлүмүн түзүү пландаштырылууда.

Экинчи этапта катуу коммуналдык таштандыларды кайра иштетүү менен ЭкоТехнопарк түзүлөт. Төмөнкүлөр үчүн адистештирилген линияларды түзүү пландаштырылууда:

- RDF кайра иштетүү (калдыктардан кургак отун);
- полимердүү кум-чопо буюмдарын өндүрүү;
- пластикалык грануляция;
- колдонулган дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү.

Долбоорду ишке ашыруу процессинде көмүртектүү бирдиктерди эсептөө жолу менен айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо пландаштырылууда.

CO2 эмиссиясынын айырмасы көмүртек бирдигине айландырылат. Андан кийин, колдонуудагы методологияга ылайык, бөлүнүп чыкпаган ар бир тонна СО2 акча эквивалентине айландырылат.

Бул эквивалентке ылайык, компания белгилүү бир натыйжага байланган атайын облигацияларды (SLB-облигациялары) чыгарат. Мисалы, полимердик пленкаларды полигондо утилизациялоону токтотуу жана аларды кайра иштетүү.

Облигациялар европалык биржалардын бирине жайгаштырылат жана жетишилген натыйжалар жөнүндө отчет менен коштолот.