29-апрелде саат 16:00дөн 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында майрамдык концерттин өтүшүнө байланыштуу унаа кыймылына чектөө киргизилет.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана каттамыңызды алдын ала пландаштырып коюуңузду суранабыз.