Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы акимиаттын, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын, Октябрь ИИМдин жана Бишкек шаарынын ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте “Орто-Сай” базарындагы мыйзамсыз орнотулган обьектилерди бузуу ишин жүргүздү.
Иштин жүрүшүндө жалпы аянты 45 чарчы метрди түзгөн үч жеңил типтеги соода түйүн алынды. Ошондой эле базардын борбордук өтмөгүндө өрт өчүрүүчү унаага тоскоолдук жаратпоо максатында тазалоо иштери да болду.
Башкармалык тараптан "Zimaletto" ЖЧКсы жана "Жениш" ЖЧКсы соода үйлөрүнө КРнын Кодексинин 107, 139 мыйзамынын негизинде протокол түзүлдү.
Буга чейин, комиссия жарнактарды жайгаштыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү баракчаларын берип келген.