Бишкек ШИИББнын троллейбустарды көзөмөлдөө боюнча куратору жол эрежесин бузган троллейбус айдоочулары менен жыйын өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жол кайгуул кызматкери жол эрежесин бузган айдоочулар кырсыкка көп кабылышарын билдирди.
Ал ошондой эле жол эрежесин бузган айдоочуларга жаза күчөтүлөрүн түшүндүрдү. Мындан тышкары, ал айрым айдоочулар жол эрежелерин билүүсү боюнча экзаменди кайра тапшырууларын баса белгиледи.
Жолугушууга 60 айдоочу катышты.