«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Ынтымак- 2» сейил багында отургучтарды жана таштанды челектерин оңдоп, сырдап жатышат.

100 отургуч, амфитеатрдагы 330 погон метр отургучтар, 24 погон метр тосмолор сырдалып, оңдолду. Плиталар жана фарфор таштан жасалган полдор жасалды.

Белгилей кетсек, буга чейин «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери сырткы жарыктандырууларды орнотуу жана тирөөч мамыларды сырдоо иштерин жүргүзүшкөн.