Жаштарды аскердик-патриоттук тарбиялоо жана аскерге чейинки даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын №10128 аскер бөлүгүндө Бишкек шаарынын Билим берүү департаменти жана Ленин райондук аскер комиссариаты тарабынан «Эр жигит» спартакиаданын шаардык этабы өткөрүлдү.

Билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында спорттун аскердик-прикладдык түрү боюнча спартакиада 3 этапта өтүүдө, райондук этапка Бишкек шаарынын кырк бир мектебинин командалары катышты.

Райондук мелдештин жыйынтыгы менен шаардык баскычта спартакиаданын райондук этабында 1-орунга ээ болушкан № 24, 31, 62, 89 билим берүү уюмдарынын командалары арасында өткөрүлдү.

Мелдешке «Пантера» атайын багыттагы бригадасынын офицерлеринин ичинен түзүлгөн калыстар тобу баа берди.

Катышуучулар 7 номинация боюнча ат салышты:
- саптык даярдык (команда курамында, аскердик кийимде);
- күч көрсөтүүчү көнүгүүлөр;
- 100 метрге чуркоо;
- автоматты чачуу жана кайра куроо;
- команданын курамында 1 км чуркоо;
- алыстыкка Ф-1 машыгуу гранатасын 30 метр аралыкка ыргытуу;
- пневматикалык мылтыктан жогорку ылдамдыкта атуу.

Сынактын шаардык этабынын жыйынтыгында Свердлов районунун № 89 орто мектебинин командасы эң жогорку упай топтоп, 1-орунду ээледи жана 27-апрелде мелдештин республикалык этабында шаардын намысын коргойт.  

Мелдеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-февралындагы   № 87 «Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо жөнүндө» токтому, «Билим берүү уюмдарында жаштарды аскерге чейинки даярдоо жөнүндө» жобосу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан бекитилген «Билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында аскердик-прикладдык түрлөрү боюнча   VIII -Республикалык Спартакиаданы өткөрүү жөнүндө» жобосу жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында спорттун аскердик-прикладдык спорттун түрлөрү боюнча шаардык спартакиаданы өткөрүү жөнүндө”  буйругун аткаруу максатында өткөрүлдү.