Бишкек шаарында мэрдин орун басары Мурат Осмоновдун төрагалыгы астында Фурманов көчөсүнүн №5 дарегине көчмө жыйын өткөрүлүп, одоно мыйзам бузуу менен көп кабаттуу үй курулуп жаткандыгы аныкталган.
Бул жолу имараттын суусу өчүрүлдү.
Окуя болгон жерде «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барышкан.
Эске салсак, Фурманов көчөсү №5 дарегинде 9 кабаттуу үй курулуп жатат. Азыр имараттын фасадын бүтүрүү стадиясында турат. Бирок, унаа токтотуучу жайлар жана балдар аянтчасы, ошондой эле тиешелүү кызматтар менен макулдашылган уруксат документтери жана Мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок.
Мыйзам бузууларга карабастан, куруучу бүтүрүү иштерин улантууда, ал эми үлүштүк ээлер батирлерди кайра сатууда.