Жыйындын жүрүшүндө шаардын жолдорунун чуңкурларын оңдоо, жол белгилерин түшүрүүнүн жүрүшү, унаа токтотуучу жайларда мыйзамсыз орнотулган жол белгилер, тосмолор, чынжырлар тууралуу жана «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу талкууланды.


Жыйындын соңунда шаардык муниципалитет башчысы «Бишкекасфальтсервис» ишканасына чуңкурларды оңдоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин графигин көрсөтүүнү тапшырды.