Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын жыйындар залында райондун башчысы Максатбек Саргазаковдун төрагалыгы алдында райондук кызматтардын жетекчилеринин, МАБдын жетекчилеринин жана шаардык мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда кезектеги пландык жыйын өттү.
Жыйында жетекчинин орун басары Касымбеков Рустамдын жерлерге мунапыс берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча, Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов райондук башкармалыгынын башчысы Абакиров Нурбектин 2023-жылдын 1-кварталына салык чогултуу планынын аткарылышы жана 2-кварталга болжолу жөнүндө маалыматы угулду.
Бишкек шаарынын 145 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү боюнча КРнын ӨКМнин Свердлов райондук бөлүмүнүн өрт коопсуздугу боюнча бөлүм башчысы Рашид Качикеев жана муниципалдык администрациянын социалдык бөлүмүнүн башчысы Джамила Жунушева маалымат беришти.
Жыйындын жыйынтыгында МАБдын жетекчилеринин орун басарларына, жетекчилерине бекитилген планга ылайык иш-чараны даярдоо жана өткөрүү боюнча өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.
Кезектеги пландалган жыйын Биринчи май акимчилигинин жыйындар жайында өттү.
Пландуу жыйын башчы Максатбек Сазыкулов төрагалыгынын астында өтүп, шаардык жана райондук кызматтардын, МАБдын жетекчилери катышты.
Күн тартибинде 3 маселе каралды: протоколдук тапшырмалардын аткарылышы, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекси боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат, райондогу коомдук-саясий абал.
Жыл башынан бери 256 протокол 1 686 000 млн сом каражатка, анын ичинен 71 акимиат жана МАБ тарабынан 284 500 миң сом, 148 протокол - Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан1 265 500 млн сом, 37 протокол - Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан 136 000 миң сом каражатка түзүлгөн.
Натыйжада 663 500 миң сом каражат өндүрүлгөн.
Жумушчу кеңешменин жыйынтыгы менен күн тартибиндеги маселелер боюнча райондук кызматтарга тапшырмалар берилип, протокол түзүлдү.