Бишкектин Свердлов районунда ирригациялык тармактын курулушу аяктады.
Быйыл Куруучулар шаарчасынын No 2, 4, 6, 8, 10, 11, 12, 13, 14, 15, 16, 9/2 үйлөрүнүн жашоочулары жашыл аянттарды сугарууга мүмкүнчүлүк алышат.
Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков «Smart Generation» компаниясынын директору Мохаммед Абед Эль-Жажи жана Куруучулар шаарчасынын тургундары менен биргеликте жашыл аянттарды сугаруу үчүн ЖЭБ каналынан суу чыгарышты.
Эскерте кетсек, буга чейин « Smart Generation » коомдук фонду тарабынан Зеленая көчөсүн бойлой Куруучулар шаарчасына узундугу 110 метр ирригациялык тармакты курууга керектүү материалдар берилген, жалпы суммасы 544 миң сомду түзгөн.
«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы тарабынан ЖЭБ каналынан Зеленая көчөсүнө чейин сугат түтүктөрүн тартуу иштери жүргүзүлүп, Куруучулар шаарчасындагы 12 үйдү жана Аламүдүн районунун бир бөлүгүн сугат суу менен толук камсыз кылат.