Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти М.Акмулла атындагы Башкир мамлекеттик педагогикалык университети менен кызматташуунун алкагында 24-26-апрель күндөрү шаардын мектептеринин жетекчилиги үчүн «Башкаруу топторунун семинары региондук билим берүү системасынын башкаруу потенциалын өнүктүрүү механизми катары» аттуу окуу модулу өткөрүлүүдө.
Бул окуу модулунун алкагында мектеп администрациясынын 250дөн ашык кызматкерлерине окуучулардын билим сапатын жана жетишкендиктерин жогорулатууга, башкаруучулук компетенцияларды жана билим берүү уюмдарын башкарууда медиативдик мамилени өнүктүрүүгө багытталган тематикалык тренингдер жана мастер-класстар өтүлөт.
Баяндамачылар — М.Акмулла атындагы Башкир институтунун директору Гузел Калимуллина, Келишимдик технологиялар борборунун жетекчиси Максим Беляев ошондой эле жогорку категориядагы мугалим, директордун орун басары Наталья Иванцова.
Модуль аяктагандан кийин катышуучуларга Россия Федерациясынын белгиленген үлгүдөгү сертификаты берилет.