Борбор калаанын Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жарандарды жеке кабыл алды.
Аким менен баарлашуу жана суроо берүү үчүн 23 жаран катталган. Негизинен турак жайларды жана кичи райондорду көрктөндүрүү маселелери көтөрүлүп, социалдык келишим, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жана материалдык жардамдарды бөлүү боюнча да маселелер көтөрүлдү.
Жаныбек Орозалиев бардык жарандарды кунт коюп угуп, административдик бөлүмдөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде маселелерди чечүүнү тапшырды, мындан тышкары айрым маселелер боюнча жашоочулар менен биргеликте жер-жерлерге бараарын билдирди.
Урматтуу Октябрь районунун тургундары!
27-апрелден тарта жетекчинин жеке кабыл алуусу ар бейшемби күнү саат 07:00дөн 09:00гө чейин өткөрүлөт, жеке кабыл алууга 57-63-80 телефон аркылуу катталса болот, ошондой эле adm-oktyabr@bk.ru электрондук почтасы аркылуу да катталсаңыз болот.