Билим берүү уюмдарында террористтик акт жасоо коркунучу же ишке ашырылышы менен өзгөчө кырдаалдарда билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин, кызматкерлери менен окуучулардын аракеттеринин алгоритми.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында төмөнкү иш-чаралардын аткарылышы үчүн контролдукту жүргүзөт:

- окуучулардын жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин өмүрүн жана ден соолугун сактоону камсыз кылуучу шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүү;
- уюмдардын коопсуздугунун абалы, педагогикалык жамаатта түшүндүрүү иштерин уюштуруу, мыйзамдуулукту сактоо боюнча класстык сааттарды, лекцияларды, ата-энелер чогулуштарын өткөрүү;
- билим берүү уюмдарынын аймагына жарандардын жана транспорт каражаттарынын кирүү режимине көзөмөлдү күчөтүү;
- өзгөчө кырдаалдарда эскертүү жана эвакуациялоо системасын жакшыртуу;
- окуучуларды жана мугалимдерди алгачкы медициналык жардам көрсөтүү көндүмдөрүн үйрөтүү;
- видеобайкоо камераларынын иштөө жөндөмдүүлүгүн, өрт өчүрүүчү баштапкы жабдуулардын болушун жана ишке жарамдуулугун жана аларга жетүүнү, авариялык чыгуулардын абалын текшерүү.

Жардыргыч заттарды, колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жана курал-жарактарды колдонуу менен байланышкан шектүү объекттер табылганда, террористтик коркунуч же террористтик актыларды жасоо коркунучу пайда болгондо, ошондой эле башка өзгөчө кырдаалдарда билим берүү уюмдарынын жетекчилери төмөнкүдөй чараларды көрүшөт:

1. Билим берүү уюмунун кызматкерлери билим берүү уюмундагы абал жөнүндө шашылыш кызматтарга, укук коргоо органдарына токтоосуз маалымдашат.
2. Билим берүү уюмундагы абал жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментине жана тиешелүү райондук билим берүү борборуна токтоосуз кабарлансын.
3. Окуучуларды жана кызматкерлерди мекемеден авариялык эвакуациялоо планына ылайык имараттан эвакуациялоону жүргүзүү.
4. Ыкчам-иликтөө тобу келгенге чейин окуучулардын жана кызматкерлердин коопсуз аралыкта болушун камсыз кылуу.
5. Шектүү объекттер, террористтик коркунуч аныкталбаган учурда же жардыргыч заттарды, колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жана курал-жарактарды колдонуу менен байланышкан террористтик актыларды жасоо коркунучу болгон учурда билим берүү уюму билдирүүнүн келип түшкөн убактысына жараша окуу планына ылайык сабактарды жүргүзүшөт.