Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарын 2024 – жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын жана 2025-2026-жылдарга болжолунун долбоору боюнча буга чейин 3-майына белгиленген коомдук угуусу 2023-жылдын 4-майында өтөөрүн билдирет.
Өткөрүү жери: Бишкек шаары Байтик Баатыр көчөсү, 17 «Таберик» балдар музыкалык театрынын имараты, башталышы саат 10:00 дө, каттоо саат 9:30 да башталат.
Талкууга Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, райондук администрациялардын башчылары, активдүү жарандардын, коомдук уюмдардын эксперттери катышат.
Иш-чарага байланыштуу суроолор боюнча төмөнкү телефон байланыш боюнча кайрылыңыздар: (0312) 66-08-94.
Урматтуу шаар тургундары! Программалык документтердин мазмуну менен төмөнкү шилтемеден таанышууга болот: 2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2025-2026-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө - Бишкек шаардык кеңеши (gorkenesh.kg)