Октябрь районунун аймагында Байтик баатыр көчөсүнүн чыгыш тарабында Токомбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин (Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки тилке) тротуар төшөө иштери башталды.
Эске салсак, тротуардын узундугу 3800 метрди түзүп, ирригациялык арыктарды алмаштыруу иштери аяктаган.
Курулуш иштерин «Технотоп» ЖЧКсы аткарууда.