Көптөгөн шаардыктар аялдама унаа токтотуучу жайга айланган көрүнүштү жакшы билишет жана коомдук транспортко түшүү үчүн унаалардын үстүнөн секирип кете жаздашат, бул өтө кооптуу.

Аялдамага токтоо, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун айдоочуларына да кыйынчылыктарды жаратууда, анткени аялдамага жеке автооуналар токтоп алышат, бул себептен коомдук тронспорттун айдоочулары жолдун жээгине токтоп тыгындарды жана авариялык абалдарды жаратууга мажбур болууда.

Биринчи май районунда “Аялдамага эркин токтоо” деген ураан менен түшүндүрүү иштери башталды. Сүйлөшүүлөрдү акимчиликтин жана МАБтын кызматкерлеринен түзүлгөн топ жүргүзөт.

Айдоочулар кызматкерлердин талабын этибарга албаган болсо, анда айып пул салуу үчүн милициянын кайгуул кызмат башкармалыгына өткөрүлүп берилет.Бул үчүн атайын WhatsApp тиркемесинде байланыш ачылган.

Кийин мыйзам бузуу фактысын көрсөтүү менен түздөн-түз унаанын ээсине айып пул кагазы "бактылуу кат" жөнөтүлөт.

Урматтуу айдоочулар! Жол эрежесин сактаңыздар. Жүргүнчүлөрдү ташуучу аялдамаларга унаа токтотуу эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салынат!