“Таберик” балдар музыкалык театры Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата “Бишкегим – Алтын бешигим” аттуу музыкалык этно-спектаклин койду.
Иш-чарага Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев катышты.
Спектакль Батыш менен Чыгыш цивилизациясынын ортосундагы байланыштын негизги булагы катары Чүй өрөөнүнүн кесилишиндеги Жибек жолунун калыптанышынын жана өнүгүшүнүн тарыхый фактылары менен негизделген.
"Бишкеким - Алтын бешим" этникалык спектаклинин толук версиясын төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар: https://fb.watch/j-pOiAFdUz/?mibextid=qC1gEa