“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жолдордогу чуңкурларды гана эмес, жаракаларды да бүтөп жатат.

Жолдогу кемчиликтерди болтурбоо үчүн биз жолдун жээгиндеги жаракаларды битум мастикасы менен толтуруп жатабыз.

Учурда, Фрунзе көчөсү менен Манас проспектисинен Орозбеков көчөсүнө чейин жаракаларды толтуруу иштери жүрүүдө. План боюнча иш Абдрахманов көчөсүнө чейин созулат. Ошондой эле, Махатма Ганди көчөсү Жапаров көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки жаракаларды толтуруу иштери жыйынтыкталды. Муну менен Биринчи май районунун аймагындагы жаракаларды толтуруу иштери аяктады.

Иш аяктагандан кийин жаракаларды толтуруу тобу Свердлов районунун аймагында иштерди жүргүзөт.

Урматтуу шаар тургундары! Кайрылуу же сунуштарыңыз болсо whatsapp номерине жазыңыздар: +996755419841.