Жибек Жолу проспектисинде, Чыгыш автобекетинин маңдайында жол кырсыгынын кесепетинен бузулган тосмолор калыбына келтирилүүдө.
25-апрелде «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жерине барып, урап калган тосмолорду калыбына келтирүү үчүн жерди убактылуу тосушкан.
26-апрелде көпүрөнүн тосмолорун калыбына келтирүү иштери башталган. 3 метрлик 10 даана тосмо, 4 даана көпүрөгө кармагыч орнотобуз. Оңдоо иштери аяктагандан кийин көпүрөнүн тосмолорун сырдоо жана тилке тосмолорун бөлүү иштери башталат.
Эске салсак, Чыгыш автобекетинин аймагында 24-апрелде саат 03:00дө жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен унаалардын бири көпүрөдөн кулап, тосмолор бузулган.