Борбор калаада бадминтон боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өттү.
Бадминтон Федерациясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти менен биргеликте мелдеш уюштуруп, ага 60тан ашуун адам катышты.
Биринчиликке Малайзиядан атайын келген кесипкөй машыктыруучу Kamales Sambethan катышты. Машыктыруучу Кыргызстанга Азиянын бадминтон Федерациясынан спорттун бул түрүн өнүктүрүү жана Кыргызстандын курама командасын даярдоо үчүн 4 айга келген. Mr.Kamales белгилегендей, мелдеш жогорку деңгээлде өттү.
Мелдеш сергек жашоо образын, бадминтонду жайылтуу, ошондой эле Бишкек шаарынын өспүрүмдөр курама командасын түзүү максатында өткөрүлдү.
Биринчилик категория боюнча өттү:
- Жалгыз (кыз)
- Жалгыз (эркек)
- Жуп (кыздар)
- Жуп (эркектер)
Бардык жеңүүчүлөр медалдар, грамоталар жана кубоктор менен сыйланышты.
Жалгыз (кыз):
-1-орун - Айсарова Ясмин
-2-орун - Чынгызбек кызы Гулкайыр
-3-орун - Рыскулова Аяна
Жалгыз (эркек):
-1-орун - Кубатбек уулу Адилет
-2-орун - Жоломанов Байэл
-3-орун - Ташматов Алмаз
Жуп (кыздар):
-1-орун - Айсарова Ясмин жана Маматжанова Мээрим
-2-орун - Рыскулова Аяна жана Чынгызбек кызы Гүлкайыр
-3-орун - Мамасалиева Айгерим жана Жумашева Жанылай
Жуп (эркектер):
-1-орун - Жоломанов Байэл жана Ташматов Алмаз
-2-орун - Садыков Абдумалик жана Рыспаев Даниел
-3-орун - Кубатбек уулу Адилет жана Дүйшөнбиев Нурдан