Октябрь районунда «Социалдык кызматтарды өнүктүрүү фонду» коомдук фонду менен биргеликте «Дайыма камкордукка жана көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага социалдык кызмат көрсөтүүчү персоналдык жардамчылардын потенциалын жогорулатуу» жаңы долбоору ишке кирүүдө.

Алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн МАБ, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Билим берүү жана ишке орноштуруу борбору, МСЭК, ҮМБ, салык кызматы, Октябрь райондук социалдык фондунун адистери чакырылган.

Бул долбоорду ишке ашыруу ассистенттерге балдарды багуу боюнча социалдык кызматтарды сапаттуу көрсөтүүгө, билим алууга, жекече реабилитациялоо программасын ишке ашырууга көмөктөшүүгө жана балдардын өнүгүүсүнө жана жашоосунун сапатына оң таасирин тийгизүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, биринчи отурумда бул долбоорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы аракеттер талкууланды.