Октябрь районунда генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик аскер лицейинин базасында райондук этап өттү.

Октябрь району боюнча бардыгы болуп 8 команда, ар биринде 8ден эркек бала катышты. Алар 6 номинация боюнча: тирөөчтө күч көнүгүүлөр, 100 м чуркоо, мылтыкты чачуу жана жыйноо, 1000 м чуркоо, Ф-1 машыгуу гранатасын 30 м аралыкка ыргытуу күч сынашты.

1-орунду - №62 мектеп-гимназиясынын командасы, 2-орунду - №91 мектеби, 3-орунду - №88 мектеби алды.

Биринчи май районунда “Эр жигит” аскердик-патриоттук спартакиадасы өттү.

Биринчи май районунун 15 мектебинин 10-11-класстарынын  окуучулары алгачкы аскердик даярдыктын деңгээлин көрсөтүштү.

Жыйынтыгында 1-орунду №24 мектеп-гимназиясы, 2-орунду №83 орто мектеп, 3-орунду №75 лицей ээледи.

№10128 «Пантера» аскер бөлүгүндө Ленин районунун билим берүү уюмдарынын ортосунда жаштарды аскерге даярдоо боюнча республикалык VIII спартакиаданын райондук этабы өткөрүлдү. Бул мелдеште окуучулар ок атуу, күжүрмөн техника, күч көнүгүүлөрү, 100 метр аралыкка чуркоо, 1000 метр аралыкка чуркоо, мылдыкты чачуу  жана жыйноо, граната ыргытуу боюнча күч сынашты. Райондук этапка жалпысынан 13 мектеп катышты. 1-орунду №31 мектеп, 2-орунду №79 мектеп, 3-орунду №96 мектеп ээледи. Шаардык турдун жобосу боюнча 1-орунду алган команда өтөт.

Белгилей кетсек, сынак жаштардын арасында терең патриоттук аң-сезимди калыптандырууга, Ата-Мекенге болгон сүйүүгө, аскердик кызматка умтулууга, аскердик салттарды сактоого жана өркүндөтүүгө багытталган. Бул билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында спорттун аскердик-прикладдык түрү боюнча республикалык 8-спартакиада.

Бул иш-чара жаштарды аскердик-патриоттук тарбиялоо системасын өнүктүрүү, Ата-Мекенди коргоого даярдыгын калыптандыруу, мектеп окуучуларынын дене тарбия боюнча бекитилген нормаларын аткаруу, сергек жашоо образын жайылтуу, аларды тез арада тарбиялоо максатында өткөрүлүүдө.

Мелдеш Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, ошондой эле спорттун шаардык этабына катышуу үчүн команданы тандоо максатында уюштурулган.