Биринчи май акимчилигинин жыйындар жайында социалдык контракт алуучуларды колдоо боюнча жумушчу кенешме өттү.
Ага башчынын орун басары Аида Рысбаева, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жана МАБдынн өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда социалдык келишимдин негизинде жеке бизнесин ачкан жарандарды социалдык жактан колдоонун механизмдери талкууланды.
Белгилей кетсек, 2022-жылы 97 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлгөн, алардын ар бирине 100 миң сомдон бөлүнгөн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө токтомун ишке ашыруунун алкагында Биринчи май районунда “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пул алуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бул долбоор үй-бүлөлөрдү жашоонун оор абалынан чыгуу боюнча жигердүү кадамдарга дем берүү, алардын жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү, ошондой эле үй-бүлөлөрдүн эркин эмгектик жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу иштерге тартуу, үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын жүрүм-турумунун көз карандылык мотивин азайтуу, чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү максатында иштелип чыккан.
Социалдык келишимде ар бир үй-бүлөгө жеке бизнесин өнүктүрүү үчүн 100 миң сомго чейин социалдык жардам каралган.
Социалдык келишим - аз камсыз болгон үй-бүлө (же алардын тобу) менен аймактык бөлүмдүн ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө келишим түзүү болуп саналат, ага ылайык аймактык бөлүмү муктаж үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүү боюнча программада каралган иш-чараларды ишке ашырууга милдеттенет.