Бишкекте жөө адамдар өтүүчү жолду куруу иштери кызуу жүрүүдө.
Учурда “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан тротуарларды куруу боюнча иштер Ахубаев көчөсү Ж. Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин 1 250 погон метр курулууда. Эски асфальтты кыруу жана ирригация тутумдарынын ордун пландоо иштери жүрүүдө.
Абай көчөсү М. Горький көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин курулуш иштер 880 погодук метрде жүрүүдө. Учурда тротуардын кыртышы даярдалып, тосмо таштарды (бордюрларды) орнотуу иштери аткарылууда.
270 погондук метрди түзгөн Панфилов көчөсү Москва көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тротуарды куруу иштери башталып, асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштерине даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Курулуш иштерине тоскоолдук жараткан бактар алынгандан кийин, асфальт төшөлөт.
Ошондой эле, төмөнкү көчөлөрдүн тилкелеринде жөө адамдар өтүүчү жолдордун курулуш иштери актады:
- Киев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин түштүк тарабы;
- Лев Толстой көчөсү Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин түштүк тарабы;
- Салиева көчөсү Ауэзов көчөсүнөн №68,69 үйлөрдүн кире бериш жолдоруна чейин;
- Жаш Гвардия бульвары Рыскулов көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин чыгыш тарабы.
Ак-Босого жаңы конушунун жашоочуларынын ынгайлуулугу үчүн 650 погондук метрди түзгөн Чүй 41 көчөсүндөгү аллеяга эки тарабынан тротуар салынды.