Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин демилгеси менен мектепке чейинки билим берүүн камтууну жогорулатуу үчүн тоскоолдуктарды кыскартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Биринчи кезекте, бул иш Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорунда мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатууга багытталган.
Азыркы учурда мектепке чейинки билим берүү кызматтары турак жайларда (жеке үйлөрдө жана квартираларда) жеке жактар (жеке ишкерлер) тарабынан көрсөтүлүүсү үчүн шарттар иштелип чыгууда.
Мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүнү каалагандардын бардыгы мектепке чейинки билим берүү, санитардык, өрт коопсуздугу жана ишкердик негиздери боюнча кыска мөөнөттүү үч күндүк окутуудан өтүүгө чакырылат. Окуудан өтүү үчүн төмөнкү шилтеме боюнча арыз толтуруу керек https://forms.gle/Lg83uMtn4Ts2R14FA.
Окутуудан ийгиликтүү өткөн адамдарга окутуу жөнүндө сертификат берилет жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө жардам көрсөтүлөт.
Кошумча маалымат үчүн саат 9:00дөн 18:00гө чейин телефон аркылуу байланышсаңыз болот:
- Ленин району: Исаева Бермет Каримова - 0990 55 01 67, 65 68 94;
- Биринчи май району: Ботоканова Медина Абазбековна - 0500 222079, 62 35 02.