Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы жарнамалык конструкцияларды иретке келтирүү боюнча кезектеги демонтаж иштерин жүргүздү.

Жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери Чүй проспектисин бойлой Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө. Негизги басым латын алфавитинде жазылган дизайнга бурулат. Бүгүнкү күндө 37 объект, анын ичинен 12 жарнама тактасы, 25 баннер алынды.

Башкармалыктын кызматкерлери «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин, Биринчи май акимиатынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышты.

Буга чейин комиссия жарнама жайгаштыруу эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү тапшырган.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.