“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Жаш Гвардия бульварындагы жолдогу кемчиликтерди жоюуда.

Жумуштар Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисин карай (эки тарабы) башталды. Буга чейин чуңкурлар Жаш Гвардия бульвары Лев Толстой көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин жабылган.

Медеров көчөсү Панфилов көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки чуңкурларды жабуу иштери аяктады.

Ошондой эле, Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдогу кемчиликтер жарандардын кайрылуусунун негизинде жоюлду.

Совет көчөсү менен Элебесов көчөсүнүн кесилишиндеги жолдогу кемчиликтерди оңдоо иштери жүргүзүлүп бүттү.

Жибек-Жолу проспектиси менен Арзамасская көчөсүндөгү люктардын тегерегине асфальт-бетон аралашмасын төшөө пландаштырылууда.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сизде кайрылуулар же сунуштар болсо, анда так дареги көрсөтүлгөн сүрөт жана видео фактылары менен +996755419841 номерине билдирүүлөрдү жөнөтүүнү суранабыз.