2023-жылдын 14-апрелинен тарта Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорунда «Өкмөттүн акселераторлор» программасынын пилоттук долбоорунун алкагында жеке ишкерлерди каттоо башталды.
Жумушчу топтун курамына: Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы, Бишкек шаарынын мэриясы (Биринчи май жана Ленин райондорунун администрациялары) кирет.
Президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы боюнча 100 күндүн ичинде (17-марттан баштап) шаардын жогоруда аталган эки районунда 4000ден ашык баланы камтыган 250дөн ашык мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлер каттоодон өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева жетектеген жумушчу топ бардык ченемдик укуктук актыларды жана стандарттарды иштеп чыккан, ага ылайык жеңилдетилген ченемдик укуктук, санитардык, билим берүү талаптары бар жеке жак (жеке адамдар) жеке ишкердик ишин патенттин негизде ача алат.
Жеке ишкерлик менен алектенүүнү каалаган жарандар арыз берип, катталып, 100 күндүк долбоордун алкагында жогоруда аталган министрликтер биргелешип иштеп чыккан баштапкы окуунун типтүү курсунан бекер өтүп, жеке ишкерликти ачуу боюнча кеңеш ала алышат.
1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата башталгыч мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн жеке ишкердин ачылышы пландалууда.
Кошумча кеңештерди төмөнкү телефондор аркылуу алса болот:
Биринчи май району - 62 35 02,
Ленин району — 65 68 94.
Арыз формасы төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү https://forms.gle/Lg83uMtn4Ts2R14FA