Свердлов районунун акимиаты №30 көмөкчү адистештирилген мектептин 30 окуучусу үчүн «Hyde Park» эс алуу борборуна экскурсия уюштурду.
Балдар үчүн ат минүү, зоопаркка баруу жана түшкү тамак уюштурулду. Балдар көптөгөн позитивдүү эмоцияларга жана жакшы маанайга ээ болушту.
Экскурсия 2021-2026-жылдарга Инсанды руханий-адептик өнүктүрүү жана дене тарбия концепциясын ишке ашыруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын иш-чаралар планын аткаруу максатында уюштурулган.
Шаардык муниципалитет «Hyde Park» эс алуу борборуна адистештирилген мекеменин окуучуларынын эс алуусун уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.