Ленин районунун акими Мураталы Тагаевдин төрагалыгы алдында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого  даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча  штаб өттү.

Штабга Ленин райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы, райондук жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле райондун МАБ жетекчилери катышты.

Райондук штабда округдук шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, коомдук тартипти жана АБУнун  коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоого кийлигишүүгө жол бербөө маселелери каралды.

Штабдын жыйынтыгы менен шаардык жана райондук кызматтарга УШКларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо процессин тездетүү, ошондой эле кызматкерлер арасында шайлоолорго кийлигишпөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Урматтуу шаар тургундары! Белгилей кетсек, Ленин районунун бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

Азыркы учурда бардык участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмелери илинди. Ушуга байланыштуу муниципалдык администрация бардык шайлоочулардан өздөрүн  шайлоо тизмесинен  тактоолорун  өтүнөт.

Ленин району таза шайлоо үчүн!