Ленин районунун мектеп лидерлери Кыргыз Республикасынын хирургу Мамбет Мамакеев менен жолугушту.

Хирург окуучуларга клиниканын иши жана музейи менен тааныштырып, өзүнүн кесиби, жетишкендиктери жана башка көптөгөн нерселер тууралуу айтып берди.

Андан соң окуучулар Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Виктория Мозгачевада конокто болушту. Виктория Андреевна балдарды мэриянын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, алардын суроолоруна жооп берди.

Жаш лидерлер Ленин районунун акиминин орун басары Айзада Жунусова менен да жолугушту. Ал балдарга мектептердин ачылышы, көчмө бала бакчалар жана акимчиликтеги иштер тууралуу маалымат берди.

Жолугушуу муниципалдык администрация тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жана Бишкек шаарынын 145 жылдык мааракесине карата уюштурулду.

Маалымдама: Мамакеев Мамбет Мамакеевич 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында дыйкандын  үй-бүлөсүндө туулган. 1946-жылы Мамбет Мамакеевич Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна (КММИ) тапшырган. Швейцария, Чехословакия, Индия, Италия, Түркия, АКШ, Япония, Кытай, Бельгия, Германия, Голландия, Израилде саламаттыкты сактоо жана медицина тармагынын өкүлдөрү менен бир нече жолу кызматташкан.

Эмгектери үчүн Ардак грамоталар, В.И.Лениндин  100 жылдыгынын урматына медалы менен сыйланган.

2020-жылы хирург катары эң узак карьерасы (67 жаш 181 күн) үчүн Гиннесстин рекорддор китебине кирген.