Ленин районунун акими Мураталы Тагаев №1 МАБдын аймагындагы активисттер, үй жана кварталдык комитеттердин төрагалары менен жолугушту.
Жергиликтүү тургундар көйгөйлөрүн белгиленген тартипте чечип берүүнү суранышты.
Жыйында социалдык жана материалдык жардам көрсөтүү, турак-жай менен камсыз кылуу, тротуарларды жакшыртуу, жарыктандыруу, транспорт жана башка жергиликтүү коомчулукка тиешелүү маселелер көтөрүлдү.
Жыйынга Ленин районунун бардык кызматтарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын соңунда аким райондук кызматтарга бардык көтөрүлгөн маселелерди тез арада чечүүнү тапшырып, айрым маселелер жеринде карала турганын билдирди.
Белгилей кетсек, акимдин район тургундары менен жолугушуусу уланууда. Кийинки жолугушуулар бекитилген график боюнча өткөрүлөт.