№31 жана №57 мектептердин окуучулары Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага жана Ж.Турусбеков атындагы №2 шаардык китепканага барышты.
Иш-чара 23-апрель күнү белгиленүүчү Китеп күнүнө карата өткөрүлдү.
Окуучулардын китепке болгон сүйүүсүн ойготуу, заманбап китепкана технологияларынын жардамы менен окурмандардын кызыгуусун өнүктүрүү, китепкананын ички системасы менен тааныштыруу максатында уюштурулду.
Маалымдама: 23-апрель күнүн жыл сайын Дүйнөлүк китеп күнү деп жарыялоо жөнүндө ЮНЕСКОнун Башкы Конференциясынын Резолюциясын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Кыргызстанда китеп күнү белгиленген. Ошондой эле элдердин маданиятынын өз ара байышын жогорулатуу, китеп бизнесин жана китеп соодасын өнүктүрүү максатында жыл сайын белгиленип келет.
Өлкөдөгү эң чоң китеп сактагычы – Кыргыз Улуттук китепканасы. Анын фонду дүйнө элдеринин 89 тилиндеги 6 миллиондон ашык документти түзөт. Күн сайын китепканага 1300дөн ашык адам (окумуштуулар, студенттер, журналисттер ж.б.) келишет жана билимдин бардык тармактары боюнча 300 000ден ашык маалымдамалар аткарылат.
Кыргызстандын аймагында биринчи китепканалар 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында пайда болгон. Ал эми биринчи коомдук китепкана 1902-жылдын 27-майында ачылган.
Шаардык №2 Жусуп Турусбеков атындагы китепкана 1939-жылы шаардык балдар китепканасынын базасында ачылган. 1949-жылга чейин Ю.Фучик атындагы парк клубунда жайгашкан.
Жыл сайын китепкананын фондусу жаңы басылмалар менен толукталып, окурмандардын саны көбөйүүдө. 1959-жылы Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде атайын китепкананын имараты курулган. Жаңы имараттын ачылышы менен окурмандарга, китепканачыларга ыңгайлуу шарттар түзүлүп, китепкананын иши жакшыра баштады. Китепкана 1959-жылы жаңы имаратка көчүрүлгөн.
Фрунзе шаардык депутаттар Советинин 1961-жылдын 10-январындагы токтому менен жана башталгыч патриот акын, кыргыз драматургиясынын негиздөөчүсү Жусуп Турусбековдун 50 жылдык мааракесине байланыштуу китепканага акындын ысымы ыйгарылган.