Борбор калаанын акимиаттарында кирешелер боюнча штабдар өткөрүлдү.

Октябрь акимиатында каржы башкармалыгы, салык жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын катышуусунда кирешелер боюнча штаб өттү.

Штабдын мүчөлөрү жергиликтүү бюджеттин 1-кварталындагы киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана 2023-жылдын апрель айына отчетту карап, салыктарды төлөө, турак жайларды мыйзамсыз ижарага берүү фактыларын аныктоо боюнча да бир катар маселелер көтөрүлдү.

Жыйынтыгында 80 чарчы метрден ашкан үйлөрдүн жана батирлердин тизмелерин берүү боюнча тапшырылды.

Белгилей кетсек, январь айынан март айына чейин киреше бөлүгүнө 670,7 миллион сомдук салык төлөмдөрү жана жыйымдары түшүп, план 626,7,5 миллион сом болсо, белгиленген план 107 пайызга аткарылган.

Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Райым Жолдошовдун төрагалыгы алдында кирешелер боюнча штабдын жыйыны өттү. Райондун салык кызматынын жана МАБдын өкүлдөрү катышты.

Биринчи май районунун киреше бөлүгүнүн жана жергиликтүү бюджетинин 1-кварталындагы кирешелердин, пландык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү, турак жайларды ижарага берүү жана салыктык эсепке алуу, транспорт салыгын төлөөдөгү иштердин абалы боюнча маселелер каралды жана талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө салык органдары тарабынан 2023-жылдын 1-кварталында киреше бөлүгүнө 1 087 787,10 сом каражатты түзгөн салык төлөмдөрү жана жыйымдар түшүп, план 1 043 563,10 сом каражатка, белгиленген план 104,2%га аткарылганын билдиришти.

Берилген маалыматтардын жыйынтыгында төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:
- апрель айына белгиленген пландык көрсөткүчтөрдүн өз убагында аткарылышын камсыз кылуу;
- батирлердин ээлеринен салыктар боюнча МАБ менен биргелешкен ишти күчөтүү;
- 4-топтогу транспортко салык төлөбөгөн адамдар, ошондой эле жүргүнчүлөрдү (такси) ташуу менен алектенгендер менен иштөө;
- салыктарды төлөөдөн качкан чарба жүргүзүүчү субъекттерди аныктоо максатында салык кызматынын маалымат базасы менен салыштыруу үчүн Бишкек шаарынын «Энергосатуу», «Бишкексууканал» ӨБсы жана «Тазалык» МИси субъекттер боюнча такталган маалыматтарды берүү.

Свердлов районунда 2023-жылдын I кварталында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана 2023-жылдын апрель айына күтүлүп жаткан кирешелер боюнча маселелер каралды.

Маалым болгондой, 2023-жылдын I кварталында Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине Свердлов районунан 584,4 млн. сом түшкөн, ал эми пландагы көрсөткүч 569,1 млн. сомду түзгөн. 2023-жылдын январь-март айларында белгиленген план 15,3 млн. сомго ашыкча аткарылды же өсүү темпи 102,7%ды түздү.

Райондук кызматтардын жетекчилерине салыктар боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу, кошумча салыктык түшүүлөрдү табуу жана салык мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө аркылуу райондун салык базасын кеңейтүү тапшырмасы берилди.