Биринчи май районунда шаардыктардын суроо-талаптары боюнча жеринде кыдыруулар уланууда.
Темиров көчөсүнө Гастелло көчөсүнөн баштап М.Горький көчөсүнө чейин узундугу 180 метрди түзгөн канализацияны куруу күнүмдүк актуалдуу маселеге айланды.
Жыйынтыгында Биринчи май акимиаты Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгына 2023-жылдын титулдук тизмесине канализациялык курулуштарды киргизүүнү кароо сунушун жиберүүдө.
Белгилей кетсек, ушул көчөнүн жашоочуларынын кайрылуусу боюнча Бишкек шаарынын 2023-жылга бюджетинин коомдук угууда аталган маселе көтөрүлгөндүктөн, жумушчу жыйын өттү.