Октябрь районунун жаңы конуштарында «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тышкы жарыктандырууларды орнотуу иштерин жүргүзүүдө.

Кара-Жыгыч конушунда Төө-Ашуу, Бакай, Кожомкул, Исакеев жана Көк-Ойрок көчөлөрүнүн боюна узундугу 1570 метр өзүн-өзү кармай турган изоляцияланган зым (СИП) тартылып, 40 даана көчө лампалары орнотулду.

Мындан тышкары 5 жана 8-кичи райондорго 12 даана жаңы лампалар орнотулду.

Белгилей кетсек, бул багыттагы иштер улантылууда.