Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2025-2026-жылдарга болжолунун долбоору боюнча коомдук угуусу 2023-жылдын 3-майында саат 10-00до (каттоо 9-30да башталат) «Таберик» балдар музыкалык театрынын залында (Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 17 дарегинде) өткөзүлөт.

Талкууга Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, район жетекчилери, активдүү жарандар, коомдук уюмдардын эксперттери катышат.

Иш-чарага байланыштуу суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар:    (0312) 66-08-94.

Урматтуу жарандар! Программалык документтердин мазмуну менен төмөнкү шилтемеден таанышууга болот: https://www.gorkenesh.kg/ru/draft-decisions-mob/5440-on-approval-of-the-program-of-socio-economic-development-of-the-city-of-bishkek-for-2024-and-the-forecast-for-2025-2026.html