Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Биринчи май районунун муниципалдык кызматчылары үчүн “Кыргызтест” тестинин деңгээлдери боюнча практикалык окуу семинар өткөрдү.
Семинарга Биринчи май районунун муниципалдык администрациянын, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматчылары катышты.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 “Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында өткөрүлүүдө.