Өзүнүн сөзүндө Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарынын мэриясынын жалпы жамаатына аткарган иштерине ыраазычылык билдирди.


“Бул сыйлык баарыбызга таандык. Мэриянын жалпы кызматкерлерин, вице-мэрлерди жана структуралык бөлүктөрдүн жетекчилерине ыраазычылыгымды билдиргим келет. Сиздерге чоң рахмат”,- деди  мурдагы калаа башчысы.


Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө боюнча комиссиясынын 2016-жылдын 14-мартындагы №1 протоколунун негизинде Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июну N 7 «Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө  жөнүндө» токтомуна ылайык сыйланды.