26-апрелде саат 9:00дөн 19:00гө чейин "Советский" суу топтомундагы оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү даректердеги турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы Сүйөркулов - Тыныстанов - Ахунбаев - Ала-Арча дарыясы - Медеров - Радищев - Л.Толстой - Жукеев-Пудовкин - Ахунбаев - Элебаев - Байтик-Баатыр көчөлөрү менен чектешет.
“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.