Шаардык муниципалитетте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Куми шаарынын мэри Ким Чжан Хо баштаган кореялык делегация менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаар турмушун өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык жана билим берүү программаларын ишке ашырууда өз ара пайдалуу ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.
Бишкек шаарынын мэри Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөө, ошондой эле 1991-жылы түзүлгөн Бишкек жана Куми шаарларынын ортосундагы бир тууган шаар мамилелерин белгиледи.
Эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү максатында Бишкек жана Куми шаарларынын ортосунда достук алмашуу келишимине кол коюлду.
Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташууга жана шаарлар ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүгө үмүттөнөрүн билдиришти.
Коноктордун иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын урматына эстелик ташты ачуу аземи болот.
Эске салсак, 2022-жылдын 9-ноябрында Куми паркына «Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын достук паркы» аты берилип, муну менен Бишкек жана Куми шаарларынын ортосундагы мамилеге мамлекеттер аралык статус берилген.
Маалымат үчүн.
1991-жылдын 14-августунда Бишкек жана Куми (Кенсан Букдо провинциясы, Корея Республикасы) шаарларынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган.