Октябрь акимчилигинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жумуш орундарын квоталоо маселеси боюнча жыйын өттү.
Жыйынга райондогу мекеме-ишканалардын, уюмдардын жетекчилери катышып, 2022-жылга жана 2023-жылдын 1-кварталына аткарылган иштер боюнча маалымат берилип, иш менен камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Күн тартибине ылайык маселелерди кароонун жана талкуулоонун жыйынтыгы менен иш менен камсыз кылуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү чечими кабыл алынды.
Жыйын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле мэриянын алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар кеңешинин отурумунун протоколдук тапшырмасын аткаруунун алкагында өттү.