2023-жылдын 18-апрелинде Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына Түгөлбай-Ата көчөсүнүн боюнда жайгашкан «Малыш» балдар медициналык борборунун жанында беш жашар бала желим бөтөлкө чогултуп жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарынын Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Тыныстанов жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде таштандыларды кабыл алуучу жайда жашаары аныкталган.
Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери Биринчи май РИИБнин балдар иштери боюнча инспектору менен биргеликте чыгуу уюштурушкан. Дарекке барган учурда ал жерде Өзбекстан Республикасынын жарандары жашашкандыгы белгилүү болду.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жашаган жеринде санитардык-гигиеналык нормалар сакталбаганы, балдардын жашоосу үчүн шарттар түзүлбөгөнү аныкталган.
Мындан тышкары, Өзбекстан Республикасынын жарандарына балдардын мыйзамдуу укуктарын сактоо жана ата-энелик милдеттерди так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана кийим-кече түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясы Өзбекстан Республикасынын консулдугуна маалымат берүү үчүн КРнын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментине кайрылган.