Ленин районунун акими Мураталы Тагаев «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын жана №3 МАБдын кызматкерлери менен биргеликте М.Өмүракунов көчөсүндө Тимур Фрунзе көчөсүнөн Б.Алыкулов көчөсүнө чейин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча текшерүү жүргүздү.  

Көчмө жыйындын жүрүшүндө М.Өмүракунов көчөсүнүн орто тилкесин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу маселеси талкууланып, жыйынтыгында район башчысы аталган көчөнү бир айдын ичинде жашылдандыруу жана көрктөндүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, жайкысын жашыл аянтчаларды үзгүлтүксүз сугаруу, жамгыр системасы менен сугарууну камсыз кылуу маселелери талкууланды.