18-19-апрель күндөрү коомдук транспорттун техникалык абалын текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү.
«Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын бөлүм башчылары жана жетекчилиги Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын ТКБнүн кызматкерлери менен биргеликте текшерүү иштерин жүргүздү.
Рейддин жүрүшүндө троллейбустардын санитардык-техникалык абалы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандустар текшерилди. Талапты аткарбаган троллейбустардын айдоочуларына Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын ТКБнүн кызматкерлери протоколдорду түзүштү.
Текшерүү иштери таңкы саат 05:00дөн 08:00гө чейин жүргүзүлдү.
Айрым троллейбустар жеринен оңдолуп, линияга чыгарылды. Мындай текшерүүлөр айына эки жолу жүргүзүлүп турат.
Эске салсак, күнүнө орто эсеп менен 135 троллейбус каттамга чыгат.