Ч. Айтматов атындагы орус драма театрынын имаратында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча шаардык кеңешме өткөрдү.
Жыйын «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын талкуулоо жана ишке ашыруу боюнча тренинг түрүндө өттү.
Ага Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, борбор калаанын бардык төрт районунун башчыларынын социалдык маселелер боюнча орун басарлары, райондук билим берүү жана социалдык өнүктүрүү борборлорунун жетекчилиги, окуу иштери боюнча директорлору, соцпедагогдор, МАБ, райондордун жашоочулары жана активдери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү темалар боюнча 5 баяндама угулду:
- "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" мыйзамдарды ишке ашыруу;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча;
- зордук-зомбулукка кабылган балдарга сот адилеттигин жана тартипти камсыздоо боюнча негизги кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттуу иштөө жол-жоболору;
- жашы жете электердин баңги заттарды таратууга тартылышын болтурбоо;
- жашы жете электердин өз өмүрүнө кол салуусун алдын алуу.
Андан соң суроо-жооп принцибине ылайык, каалоочулар кызыккан суроолорун берип, дароо жеринде толук жоопторду алышты.
Ошону менен бирге шаардын жооптуу түзүмдөрүнүн жана кызматтарынын иштеши боюнча сунуштар, каалоо-тилектер айтылды.
Жыйын Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле жарандык сектордун жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча ыкчам аракеттенүү аракеттеринин алгоритмин жана мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү максатында өткөрүлдү.
Жыйынтыгы боюнча сунуштарды жана толуктоолорду эске алып, тапшырмалардын пункттарын көрсөтүү менен кенешменин маалым каты түзүлдү.