"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Октябрь районунун аймагында курулуш иштерин активдүү жүргүзүүдө.

Абай көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн ЧЧКга чейинки жөө адамдар өтүүчү жолго ирригация тутумун орнотуу иштери жана асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери аяктады. Иш планга ылайык, Абай көчөсү Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки жерге арыктарды орнотуу иштери башталды.

Ахунбаев көчөсүндө Манас проспектисинен Ж.Пудовкин көчөсүнө чейин ирригация системасын орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Учурда жерди даярдоо, арыктарды орнотуу иштери активдүү жүрүп, курулуш иштери 10 күндүн ичинде бүтүрүү пландалууда.

Ахунбаев көчөсү боюнча Ж.Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин узундугу 1250 погон метр, туурасы 3 метрди түзгөн тротуарды куруу иштери башталды.

Ошондой эле жөө адамдар өтүүчү жолго арыктарды салуу, тосмо таштарды жана түтүктөрдү орнотуу пландалууда. Учурда тротуардагы эски асфальтты (брусчатка) сыйруу иштери жүрүп жатат.

Буга чейин 11-кичи райондун тротуарына асфальт-бетон аралашмасы төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө орнотулган. Ошондой эле Тыныстанов көчөсү 8/1 дареги боюнча турак үйлөргө алып барчу жолго 110 погон метр  асфальт-бетон аралашмасы төшөлүп, иштери аяктады.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сизде кайрылуулар же сунуштар болсо, анда так дареги көрсөтүлгөн сүрөт жана видео фактылары менен +996755419841 номерине билдирүүлөрдү жөнөтүүнү суранабыз.