Бишкек шаарында мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин жетекчилигинин алдында Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Евразия» фаст-фуд деп аталып калган көп бирдиктүү курулуш бузулууда.
Жеринде Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жана Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлери иш алып барууда.
Бузуу иштери Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти менен ОсОО «Алто» ортосундагы ижара келишимин бузуунун негизинде жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, ижара акысын төлөөдөн качуу жана объектти бузууга мүмкүндүк бербөө максатында ижарачылар жогорудагы объектини банкка күрөөгө коюп, акыркы бир нече жылдан бери турган.
Бузууга тоскоолдук болгон иштер Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан токтотулду.
Бүгүнкү күндө фаст-фуд түйүндөрү, дарыкана (аптека), уюлдук аксессуарларды сатуучу пункт, валюта алмаштыруучу жай алынууда.